24.kg
15:30, 18 января 2021, 24.kg

ИИМ: Абакта жатып, кылмыш топторун каржылагандар аныкталды

Абакта жатып, ири суммадагы акча таап, кылмыштуу топту каржылагандар. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «общактан» жүз миң сомдон ашык жана бир нече миң доллар табылды.

КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мекемелер аралык топ Жазык кодексинин 215-беренесинин 1-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

«Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында эркиндигинен ажыратылган жайда криминалдык статуска ээ жана кылмыштуу аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү аныкталды. Соттолгон 1992-жылы туулган К.Э., 1987-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандар аныкталып, алар учурда ЖАМКтын мекемелеринин биринде жазаларын өтөөдө. Эркиндигинен ажыратылган жайда жогоруда көрсөтүлгөн жарандар «положенец» жана «смотрящий» криминалдык статустарга ээ. Алынган маалыматтарга караганда алар көп убакыттан бери соттолгон адамдардан опуза талап кылып, алдамчылык, баңгизаттарды сатуу, андан сырткары жазаларды өтөө мекеменин ичинде, анын сыртында азарттык оюндарды өткөрүү менен алектенип жүрүшкөн. Топтолгон каражаттар «общактардык эсебине» жөнөтүлүп турган», — дешет милиция кызматкерлери.

Кылмыштуу жол менен түшкөн акча каражаттары «Элсом» мобилдик тиркемеси менен келип түшүп турган. Андан соң бул акча каражаттар кылмыштуу зарылчылыктарга бөлүнүп коротулуп турган. Кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү аныкталып, алардан «общакка» деген акча каражаты табылып алынды. Алар мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу жолдору менен алектенип жүрүшкөн. Кармалгандардын ичинде аял кишилер дагы бар.

Фигуранттардын жашаган жери боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 297 миң сом жана $8 миң 200 табылды. Болжолдуу маалымат боюнча бул эсепте миллион сомдон ашык акча каражаты болгон.

Photo 194839

Кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18