24.kg
14:21, 18 января 2021, 24.kg

COVID-19. Февраль-март айында вирустун үчүнчү толкуну күтүлүүдө

Коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну февраль-март айында күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азырынча вируска каршы эмдөөгө акча бөлүнө элек.

«Акча бөлүнсө, эки айдын ичинде эмдөө башталат. Орусиянын вакцинасын алууну пландап жатабыз. Биринчи болуп өзүм, үй-бүлөм эмдөөдөн өтөт. Андан соң дарыгерлер алышат», — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Министрлик алгач 200 миң, андан соң 1 млн 200 миң доза вакцина алуу пландоодо. Сунушталган 8 вакцинанын ичинен «Pfizer» вакцинасын алуу үчүн 2 миллион доллар керек. Анткени вакциналар өтө төмөнкү температурада сакталат. Ал үчүн муздаткыч сатып алуу зарыл.

Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун үчүнчү толкунуна дарыгерлер даяр, 4-5 айга жете турган дары, жеке коргонуу каражаттар бар экенин белгилеп өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18