24.kg
10:23, 18 января 2021, 24.kg

Депутат Дүйшөн Төрөкулов эки айга камалды

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов эки айга камалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, депутат Оштогу тери чыгаруучу заводду коркутуу менен басып алууга аракет кылган. Ал Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алынып келинди. Соттун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Дүйшөн Төрөкулов менен бирге Чүй облусунда кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Жантай Шаменов дагы кармалды.

Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов «Бир Бол» партиясынан депутат болуп шайланган. Ал өткөн жылы УКМКга ишкер Айеркин Саймаитинин өлүмү боюнча суракка чакырылган.

6-октябрдагы Бишкектеги башаламандыктан кийин Дүйшөн Төрөкулов өзүн Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары жарыялаган. Эртеси эле аны калаа башчысынын бөлмөсүнөн кууп чыгып, Таалайбек Сарыбашовду кайра ордуна олтургузушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18