24.kg
10:23, 15 января 2021, 24.kg

Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метр болгон кар жаады

Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метр болгон кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калыңдыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80 сантиметр жааган.

Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 42-чакырымынан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейинки (Кыргый чеги) аралыгы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн 6 техника иштеп жатат.

Жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө да киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүүчү кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экендигин эскертет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18