24.kg
08:59, 15 января 2021, 24.kg

Нарында акцияга чыккандардын бири өзүн өрттөгөнгө аракет кылды

Нарын шаарында 14-январда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын нааразылык акциясына катышкандардын бири өзүн өзү өрттөгөнгө аракет кылды.

Нарын облустук администрациясынын алдына «Насип Кайып» майыптар коомдук бирикмесинин жетекчиси Замира Абдраева баштаган 7-8 киши чогулду. «Азаттыктын» окуяга күбө болгон кабарчысынын айтымында, катышуучулардын бири жанына ала келген бензинди тегерегине чача баштаганда жанындагылар жана милиция кызматкери токтотуп калышты. Окуя акциянын катышуучулары шаардын жетекчилиги менен жолугуу үчүн имаратка кирип баратканда болгон.

Акцияга чыккандар журналисттерге сүйлөп берүүдөн баш тартышты.

Алар Нарын шаарынын Москва кичирайонунда курулган он батирлүү муниципалдык турак жайды менчиктештирип берүүнү талап кылышууда.

Шаардын мэри Нурбек Молдокадыров мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган батирди менчиктештирүү мыйзам чегинде болушу керек экенин, бул боюнча атайын комиссия иштеп жатканын айтты.

Сөз болуп жаткан үйдө учурда 10 үй-бүлө жашайт. Ал мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2018-жылы 15 млн. сомго курулуп, пайдаланууга берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18