24.kg
16:41, 14 января 2021, 24.kg

Өкмөттө туризмди өнүктүрүү жолдору талкууланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Ал белгилегендей, коронавирус инфекциясына байланыштуу абал өлкө экономикасына, өзгөчө, туристтик тармакка күчтүү таасир этти жана чоң зыян келтирди.

«Аймактардагы көптөгөн туризм объектилери кредиттик каражаттардын эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө экономикалык ишмердүүлүүктүн токтотулушуна байланыштуу туризм жаатындагы кичи жана орто бизнес өкүлдөрүндө кыйынчылыктар жаралды. Алар COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин басып өтүү боюнча белгилүү колдоого муктаж болууда», — деди ал.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков туризм тармагынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2021-2023-жылдарга Туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны мындан ары карай өнүктүрүү планы жана туризм тармагындагы ченемдик базаны мамлекеттик жөнгө салуу, калыбына келтирүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча план иштелип чыккан.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, жылдан-жылга пландар жазылганы менен алар иш жүзүндө ишке ашырылбай келет.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 2021-жылдын 1-февралына карата туристтик потенциалды, инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттин менчигиндеги рекреация объектилерин башкаруу боюнча документердин жана ченемдик-укуктук актылардын пакетин даярдоосу жана өкмөт аппаратынын кароосуна киргизүүсү тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18