24.kg
15:37, 14 января 2021, 24.kg

ДССУнун эксперттери коронавирусту иликтөө үчүн Уханга келишти

Кытайдын Ухань шаарына коронавирус жана анын келип чыгышы жөнүндө маалымат топтоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) ондогон эксперти келди. Бул тууралуу ВВС кабарлады.

Буга чейин командага 12 өлкөнүн адистери кирери айтылган. Миссия өз ишин эки апталык карантинден кийин баштайт.

Эксперттер жергиликтүү окумуштуулар, дарыгерлер менен сүйлөшүп, жапайы жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган шаардык базардагы абалды талкуулашат. 2019-жылдын соңунда инфекция дал ушул жерден тараганы айтылган.

Январдын башында ДССУ миссиясынын өкүлдөрү Кытайга киргизилбей жатканына даттанышкан. Кийинчерээк Бээжин бул окуяны түшүнбөстүктүн жыйынтыгы деп сыпаттаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери Кытайга 2020-жылы да келип кетишкен. Миссиянын мүчөлөрү вирус кишиге жарганаттан жуккан болушу ыктымал деген бүтүмгө келип, бирок инфекциянын булагы жөнүндөгү маселени ачык бойдон калтырышкан.

Бул арада ДССУ вирустун жугуу динамикасын эске алуу менен коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчисине караганда алда канча оор болушу мүмкүн деп эсептейт.

Күн мурун ДСУУ бир аптада COVID-19 вирусун жуктургандар рекорддук деңгээлге жетип, бир күндө беш миллион кишиден инфекция аныкталганын билдирген. Эң биринчи кезекте оору Түндүк жана Түштүк Америкада көп катталууда.

Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 90,33 миллион кишиден вирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери инфекциянын кесепетинен 1,95 миллион киши өмүр менен кош айтышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18