24.kg
13:18, 14 января 2021, 24.kg

Бала багып алган үй-бүлөлөргө 18 миң 757 сом төлөнөт

Бала багып алган үй-бүлөлөргө 18 миң 757 сом төлөнөт. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында,"турмуштук оор кырдаалдагы балага үй-бүлө" аттуу жаңы жобо иштелип чыкты.

«Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын үй-бүлөдө тарбияны албай калгандыгы балдардын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Бул учурда мамлекет баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялоо боюнча камсыз кылуу үчүн балага альтернатива түзүп берүүгө милдеттүү. Багып алуучу ата-эненин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек. Багып алуучу менен асырап алуучу үй-бүлөнүн ортосунда айырма бар. Асырап алган үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар балага өзүнүн аты-жөнүн берет.Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө бала убактылуу тарбияланууга келет», — дейт ал.

Министрдин маалыматында, учурда өлкө боюнча 44 үй-бүлөдө 72 бала тарбияланып жатат.

«Алардын эмгек акысы келишимге кол койгон убакыттан баштап төлөнө баштайт. Мисалы, азыркы күндө жашоо минимуму 6 миң 237 сом болсо, анын бир жарымын алганда бир балага 9 миң 355 сом болот. Ал эми балага кете турган каржы 9 миң 402 сом болот. Ошондо бир баланы багып алган үй-бүлөгө балага кеткен каражат жана айлыгын кошкондо 18 миң 757 сомду түзөт. Эгер дагы бала кошулса айлыгы дагы кошула берет. Багып алуучуларга 5 балага чейин багууга уруксат берилет» , - дейт Алиса Солтонбекова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18