24.kg
11:26, 14 января 2021, 24.kg

ДССУ: 2021-жылы коронавирус дагы бир топ кыйынчылыктарды алып келет

Коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчи жылга караганда кыйыныраак болушу мүмкүн. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан түз эфирде билдиргендигин РБК жазды. 

«Биз коронавирус илдети менен чогуу экинчи жылды баштап жатабыз жана анын жайылуусун, биз байкаган айрым көйгөйлөрдү эске алганда быйылкы жыл былтыркыдан дагы кыйын болуп калышы мүмкүн», — деген Райан.

Мындан тышкары Райан акыркы эки жумада уюмга келип түшкөн маалыматтар оорунун кайрадан жогорку чегине жеткенин айгинелейт деп баса белгиледи. Анын айтымында, учурда Түндүк Америка жана Европа коронавирустан катуу жапа чегүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18