24.kg
09:43, 14 января 2021, 24.kg

Казакстанда KazCOVID-in вакцинасы убактылуу каттоого алынды

Казакстан өз өндүрүшүндөгү KazCOVID-in вакцинасын убактылуу каттоого алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл комитетинин төрагасы Нурлыбек Асылбеков билдирди.

«Министерлик бардык вакциналарды жеткиликтүү кылуу маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бирок бүгүнкү күндө биздин ата мекендик жана «Спутник V» вакциналары боюнча даярдыгыбыз көбүрөөк. Ошондуктан KazCOVID-in вакцинасы 31-декабрда тогуз айга убактылуу каттоого алынды», — деди Асылбеков.

Анын айтымында, ушу тапта ийнелерди алып, вакциналарды жеткирүү жана сактоо өңдүү эмдөөгө даярдык көрүү иштери аткарылууда. Мындан тышкары башка өлкөлөрдүн өндүрүшүндөгү вакциналарды да каттоого алуу маселеси талкууланууда.

«Бүгүн эле Pfizer жана Moderna компанияларын чакыруу тууралуу чечим кабыл алдык. Биздин мыйзамдар аларды тездетилген негизде 70 күнгө чейин каттоого алууга уруксат берет. Улуттук экспертиза борбору документтерди анализдөө боюнча иштөөгө даяр. Бул маалыматтар аталган компанияларга жөнөтүлдү, азыр бул маселе сүйлөшүү баскычында», — деди Асылбеков.

Анын айтымында, Орусиянын «Спутник V» вакцинасын сыноонун жыйынтыктары жакшы болсо, февралдын аягында ал өлкөгө жеткириле баштайт деп күтүлүүдө.

Батыш өлкөлөрүндө азыр Pfizer/BioNTech, Moderna жана AstraZeneca компанияларынын вакциналары белгилүү. Pfizer/BioNTech жана Moderna вакциналары клиникалык сыноонун акыркы баскычтарында 90% ашык, AstraZeneca 70% натыйжалуулукту көрсөткөн. Кытайдын Sinopharm компаниясы иштеп чыккан вакцина сыноолордо 79% көп натыйжалуу экени аныкталган. Орусия дүйнөдө алгачкылардан болуп COVID-19га каршы өз өндүрүшүндөгү «Спутник V» вакцинасын каттоого алган. Бирок көптөгөн эл аралык окумуштуулар аны каттоо механизминин ачыктуулугунан күмөн санап жатышканын билдиришкен.

2020-жылы ноябрда Кремлдин басма сөз кызматы Казакстан менен Орусиянын башчылары коронавируска каршы вакцинаны биргелешип өндүрүү маселесин талкуулаганын кабарлаган. Кийинчерээк Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги орусиялык вакцина Карагандыда чыгарыла турганын билдирген.

Буга чейин казак бийлиги KazCOVID-in вакцинасы сыноолордун экинчи баскычында 96% натыйжалуулукту көрсөткөнүн билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18