24.kg
09:27, 14 января 2021, 24.kg

Курсан Асановдун жубайы суракта эс-учун жоготуп, ооруканага түштү

Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы УКМКда сурак берип жатканда эс-учун жоготуп, реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Айтымында, Асановдун жубайын 11-январь, дүйшөмбүдө суракка чакырышкан. Улуттук коопсуздук комитетинде аны жактоочусу жок, 2 сааттан ашык суракка алышкан. Ал жерден Кулнара Үсөнканова эс-учун жоготуп, шашылыш түрдө ооруканага жеткиришкен. Анын эки күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө «мээсине кан куюлду» деген диагноз менен жатат.

Эскерте кетсек, мурдараак УКМК Асановдун жубайына карата ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы менен сотко чейинки өндүрүш баштаганы белгилүү болгон. УКМКнын маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары ал А.О. аттуу жарандан чогуу бизнес кылуу үчүн $5 миллион алып, аны бербей аткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18