24.kg
16:58, 13 января 2021, 24.kg

Садыр Жапаров: Менин атыма жамынып акча доолагандар заматта кармалсын

Садыр Жапаров укук коргоо органдарына кайрылып, анын атынан бизнесмендерден акча доолап жаткандарды камакка алууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, белгисиз жарандар өзүн Садыр Жапаровдун өкүл баласы, жардамчысы, кеңешчиси катары тааныштырып, акча талап кылууда.

«Ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат. Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү УКМК Мелис Аспеков жана Улан Жураев аттуу жарандарды кармашкан. Мелис Аспеков октябрь айында Садыр Жапаровду коштоп жүрүп, кийин өзүн анын Чүй боюнча штабынын жетекчиси катары жарыялаган. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18