24.kg
15:54, 13 января 2021, 24.kg

Кара-Кулжада милиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болду

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерлерине ок чыгаргандар изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя тууралуу билдирүү укук коргоо органдарына бүгүн, 13-январга караган түнү саат 01:10до түшкөн.

Анда Кара-Кулжа райондук милициясынын кызматкери автоунаасында отурганда бейтааныш киши кол салып, айнектин сыртынан ок чыгарган. Инспектордун эки далысынын ортосуна чачма октор тийген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Райондук милициянын тергөөчүсү автоунаадан түшкөндө аны да бирөө далыга аткан. Кызматкер табелдик куралы менен шектүүгө ок чыгарганганда ал из жашырып үлгүргөн. Милиционерлер аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын бетин ачуу максатында Кара-Кулжа районуна «Перехват» операциясы киргизилип, Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлган. Учурда шектүүлөрдү аныктап, кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18