24.kg
10:18, 13 января 2021, 24.kg

Ырчы Курал Чокоев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинен ажыратылды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин коомчулуктун терс пикирин жараткан чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Министрликтин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушу президенттин аппаратына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды мамлекеттик маданий иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18