24.kg
08:57, 13 января 2021, 24.kg

Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» генералдык директору болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» башкы директору болуп дайындалды. Маалыматтарга караганда, тийиштүү чечимди өкмөт кабыл алган.

Рахат Сулайманов бүгүн телеканалдын эмгек жамаатына тааныштырылды.

«Бешинчи каналды» буга чейин журналист Эрнис Кыязов башкарып келген.

Рахат Сулайманов 45 жашта. Ал 2007-2010-жылдар аралыгында аталган каналда «Майдан» берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген. Кийин УКМКнын маалымат бөлүмүн көп жылдан бери жетектеп келди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18