24.kg
18:11, 12 января 2021, 24.kg

Ысык-Көлдүн облустук телеканалынын журналисти жанын кыйды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында облустук телеканалдын кызматкери асынып алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын кесиптеши Жаныбек Кожоев билдирди.

Айтымында, журналист 11-январда өмүрүнө кол салды.

«Бул суук кабар кесиптештери жана үй-бүлөсү үчүн күтүүсүз болду. Себебин али биле элекпиз. Үч баласы жетим калды», — деди Жаныбек Кожоев.

Ысык-Көл облусунун ИИБи берген маалыматка ылайык, окуя 12-январга караган түнү болжол менен саат 00:00 чамасында болгон. Каракол шаардык милициясына Тез жардам кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда 1991-жылы төрөлгөн кыздын Каракол шаарындагы үйүнүн сарайына асынып алгандыгы тууралуу айтылган.

Учурда аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18