24.kg
15:33, 12 января 2021, 24.kg

Сыймык Жапыкеев жакында кимдер камаларын айтып берди

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүндө иштеген аткаминерлер кармалышы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн экономикалык кылмыштар менен күрөшүү агенттигинин төрагасы Сыймык Жапыкеев билдирди.

Анын айтымында, коронавируска каршы күрөштө гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча кылмыш ишинин алкагында бир катар мамлекеттик кызматкерлерге айып тагылышы күтүлөт.

«Баары жооп берет. Иштин баарын аягына чыгарабыз. Суракка чакыруулар улантылат. Дагы эки министр, социалдык тармакка жооп берген эки вице-премьер-министрлер суралат», — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган кылмыш иши боюнча мурдакы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге айып тагылган. Буга чейин күбө катары Мухеммедкалый Абылгазиев дагы сурак берген. Бүгүн Кубатбек Боронов тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18