24.kg
16:35, 11 января 2021, 24.kg

Кытайдын Хэбэй провинциясында COVID-19 жуктурган ондогон жаңы учур катталды

Кытайдын борбор шаары Пекин менен чектешкен Хэбэй провинциясында коронавирус жуктурган ондогон жаңы учур катталды. Бул акыркы беш айдан берки аймактагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп калды.

Туура бир жыл мурда Ухань шаарында коронавирустан каза болгон алгачкы учур катталган. Кытай басылмалары 11-январда 61 жаштагы жергиликтүү тургун буга чейин белгисиз болгон вирустан улам көз жумганын жазышкан. Анда ал Ухандагы жаныбарлар базарына барганын, вирусту ошол жерден жуктуруп алган болушу мүмкүндүгү айтылган.

Дүйнө коомчулугу Кытайды вирус аныкталгандан кийинки алгачкы аракеттерине байланыштуу сындап, маалыматтарды жашырууга айыптап келет.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандар кеминде 90 миллион кишиге жетип, 1,9 миллиондон ашык бейтап каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18