24.kg
09:46, 11 января 2021, 24.kg

Курсан Асанов, Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Президенттик ат салышкандардын арасынан Курсан Асанов, Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгы менен макул эмес. Бул тууралуу алар БШКнын алдын-ала эсептөөлөрүнөн кийин билдиришти.

Адахан Мадумаров 700 миң шайлоонун бир кишиге добуш бериши мүмкүн эместигин белгилейт.

«Бул шайлоо реалдуулуктан өтө алыс. Биз мыйзамдуулук үчүн күрөшөбүз. Башка талапкерлер менен кезигип, алар менен бирге бир чечимге келебиз. Бир талапкерге 700 миңдей адамдын добуш бериши чындыкка жатпайт. Мен митинг аркылуу укугумду коргобойм, мыйзамдуу жол менен гана чындыкка жетем», — деди ал.

Курсан Асановдун айтымында, ал Ош шаарынан көпчүлүк добушка ээ болушу керек болчу. Талапкер укугун мыйзам жолунда коргорун маалымдады.

«Санын айта албайм, бирок жок дегенде Ош шаарынан көп добуш алышыбыз керек эле. Ал жерде болгону 309 добуш дейт. Кайсы бир жеринде эки добуш дейт. Андай болбойт. Ошондой эле Чүй облусунан, Бишкек шаарынан дагы атайлап бурмалоо, кээ бир талапкерлердин атайлап деңгээлин түшүрүү. Ошондуктан, мен шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин», — дейт ал.

Талапкер Абдил Сегизбаев дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Ал сотко кайрыларын билдирди.

«Баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Биз ишибизди улантабыз», — деди ал.

Клара Сооронкулова менен Равшан Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныйт.

Эльдар Абакиров шайлоо жыйынтыгы боюнча так пикирин билдирген жок. Ал добуш берүүнүн мыйзамдуулугу ырасталса гана таанууга даяр.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18