24.kg
10:43, 07 января 2021, 24.kg

Президентти шайлоо жана референдум маселелери боюнча call-борборлор иштейт

Өкмөттө 9-10-январда өтүүчү президентти шайлоо жана референдумду өткөрүү маселеси боюнча call-борбор иштейт.

Сall-борбор саат 07:30дан тарта иш алып барат. Республикалык штабдын милдеттеринин бирине шайлоочулардын санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо маселесин түшүндүрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер кирет.

Сall-борбордун иштөө учурунда ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана баша талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдай алат. «Түз байланыш» телефондору: (0312) 66 28 58, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Эскертсек, көрсөтүлгөн номурларга телефон чалуулар «Кыргызтелеком» ААК Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан — акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук байланыш операторлорунан бекитилген тарифтерге ылайык саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18