24.kg
12:53, 06 января 2021, 24.kg

Шайлоо. Мыйзам бузууга даттанган 50 арыз түштү

Президенттик шайлоонун үгүт иштеринин жүрүшүндө мыйзам бузуу боюнча 50 арыз түшту. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 15, Ош облусунда 16, О шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 3, Нарында 1 факты катталган.

«Алардын ичинен 15и Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Калган 35и электрондук журналга киргизилген. 9 кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп, 6 иш кыскарган. Ал эми добуш сатып алуу боюнча 5 иш түшүп, төртөө кыскарган. Уурулук боюнча Сузакта катталып, тергөө иши жүрүүдө. Ээнбаштык боюнча 2 факты катталган болсо, бирөө кыскарган. Жоруктар боюнча 6 иш келип түшкөн, анын төртөөсү кыскарган», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18