24.kg
11:29, 06 января 2021, 24.kg

Шайлоо күндөрү УКМК кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Шайлоо күндөрү УКМК кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Коопсуздук кызматы 2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттери иштелип чыкканын маалымдайт.

«Эң башкысы шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында табуу жана алдын алуу боюнча иш-чараларга басым жасалууда», — дейт мекеме.

УКМК президенттик шайлоо жана референдум учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга жана дестабилдештирүүгө алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырат жана ага карата мыйзам жоопкерчилиги каралганын белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18