24.kg
09:34, 06 января 2021, 24.kg

Тажикстанда 87 жаштагы карыя беш жылга эркинен ажыратылды

Тажикстанда 87 жаштагы карыя камактагы оппозициялык саясатчылардын үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөткөнү үчүн беш жылга эркинен ажыратылды.

Дониер Набиевдин жакындары өкүм 29-декабрда чыкканын билдиришти. Алардын айтымында, Душанбе шаардык соту Набиевди өлкөдө тыюу салынган «Тажикстандын Ислам кайра жаралуу» партиясынын камактагы мүчөлөрүнүн туугандарына жардам бергендиги үчүн күнөөлүү деп тапты.

Партиянын мурдагы мүчөлөрүнүн бири Набиев майрамдарда камактагы саясатчылардын жакындарына азык-түлүк алып барчу деп айтты.

«Тажикстандын Ислам кайра жаралуу» партиясы 2015-жылы экстремисттик жана террордук деп жарыяланып, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Партия жана укук коргоочулар мындай чечим саясий жүйөгө таянып кабыл алынганын айтып келишет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18