24.kg
09:31, 06 января 2021, 24.kg

Экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам күчүнө кирди

Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

23-декабрда Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Документте Жазык кодексинин алты беренеси боюнча айыбын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянын төлөп, мүлкүн декларациялаган жарандарды жазадан бошотуу каралган.

Демилгечилер бул мыйзам менен азыркы кылмыш жообуна тартылган жарандардан кеминде 500 миллион сомду мамлекетке кайтарса болорун билдиришкен.

Бул экономикалык кылмыштарды кылган жарандар үчүн жазаны жеңилдеткен Кыргызстандагы экинчи документ болуп калды. Мамытов өткөн жылы 9-декабрда «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, 70 миллион сомдон аз суммага бааланган мүлкү бар жарандар аны өз ыктыяры менен декларацияласа, жоопкерчиликтен бошотулат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18