24.kg
11:15, 05 января 2021, 24.kg

Өзбекстанда насвай сатууга тыюу салуу сунушталууда

Өзбекстандын Алкоголь менен табак рыногун жөнгө салуу жана шарап өндүрүшүн өнүктүрүү агенттиги өкмөткө насвайга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кеңири тараган насвай калктын ден соолугуна жана экономикага олуттуу зыян келтирүүдө деп эсептейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстанда 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында насвай тартуу деңгээли өтө жогору — 6 пайыз. Бул көрсөткүч Кыргызстанда — 5,1 пайыз, Тажикстанда — 1,8 пайыз, Казакстанда — 0,6 пайыз, Түркмөнстанда — 0,2 пайызды түзөт.

Насвайды негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары тартат. Кишилер аны үй шартында өндүрүшөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18