24.kg
10:52, 05 января 2021, 24.kg

Банктан насыя алган 673 миң адам үч айлык пайыздык төлөмдөн бошотулат

Банктан насыя алган 673 миң адам үч айлык пайыздык төлөмдөн бошотулат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Финанасы министрлиги 248 финансылык-кредит уюм менен келишим түздү.

Анын негизинде 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейин насыя алган жарандар 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында пайыздар боюнча төлөмдөрдөн бошотулат.

Коммерциялык мекемеге жаран өзү арыз менен кайрылуусу керек.

Мындай жеңилдиктер туруктуу кирешеси жок, же үй-бүлөлүк кирешеси эмгек акынын эсебинен түзүлгөн жарандарга гана берилет. Алардын насыясынын үстөк пайызын төлөп берүү үчүн бюджеттен 1 миллиард 253 сом талап кылынат. Бул каражаттар салыктык эмес кирешелердин эсебинен 2021-жылдын республикалык бюджетинде каралууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18