24.kg
10:17, 05 января 2021, 24.kg

Таластагы тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 11 адам жаракат алышты

Кара-Буура районунда 2021-жылдын 4-январь күнү Кызыл-Адыр айылынын Ч. Айтматов көчөсүндө борбордук базардын жанында «Шаурма сити» тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк жаракат алышкан.

«Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түздү. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби газ болонду колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. Учурда келтирилген материалдык чыгымы такталууда», — дешет министрликте.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18