24.kg
09:55, 05 января 2021, 24.kg

Англияда коронавирустун жайылышынан улам кайра локдаун киргизилди

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбү күнү кечинде Англия аймагында жалпы улуттук карантин жарыялады. Соңку апталарда өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп кетти.

Жашоочуларга өтө зарыл учурда гана үйдөн чыгууга кеңеш беришүүдө. Дүкөндөр жана кызмат көрсөтүүчү мекемелердин көбү жабылды, мектептер аралыктан окутууга өтүүдө.

Англияда ушуну менен үчүнчү жолу жалпы улуттук локдаун жарыяланды. Алгач ирет карантин былтыр мартта, андан соң ноябрда киргизилген. Бирок декабрдын башында локдаун аяктаган. Жыл соңунда Лондон шаарында жана Англиянын түштүк-чыгышында вирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөн. Буга коронавирустун жаңы штаммы себеп болгон. Жонсон вирустун бул түрүнүн жугуу көрсөткүчү 50-70 пайызга күчтүү экенин ырастаган.

Премьер-министр өткөн айда өлкөдө жапырт эмдөө башталганын эске салды. Болжол менен бир миллионго чукул адам эмдөөдөн өттү.

4-январдан тартып Улуу Британияда Оксфорд университети менен AstraZeneсa компаниясынын вакцинасы жапырт эмдөөдө колдонула баштады. Өлкөдө мындан тышкары Pfizer/BioNTech вакцинасы да сайылууда. Азырынча дарыгерлер, коомдук тейлөө кызматкерлери жана улгайган кишилер өзгөчө тобокелдиктеги катмар катары эмделүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18