24.kg
15:57, 04 января 2021, 24.kg

Өзбекстанда жол кырсыгынан министрдин орун басарынын жубайы жана кызы каза болду

Жаңы жыл түнү Өзбекстандын суу чарба министринин орун басары Вохижон Ахмаджоновдун башкаруусундагы Chevrolet Gentra үлгүсүндөгү унаа Камчик ашуусунда аварияга кабылып, жардан кулап кеткен. Аны ушундай эле үлгүдөгү башка бир унаа артынан сүзгөн.

Авариядан аткаминердин аялы жана үч жаштагы кызы каза болду. Министрдин орун басары ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, аткаминер Жаңы жылды ата-энеси менен тосуу үчүн үй-бүлөсү менен Ферганага бараткан.

Бул окуя боюнча 1-январда «Адам өлүмүнө алып келген жол кыймыл коопсуздугунун же транспорт каражатын колдонуунун эрежесин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18