24.kg
14:18, 04 января 2021, 24.kg

Кыргызстан 2021-жылы саякаттоого ылайыктуу өлкөлөрдүн тизмесине кирди

Улуу Британиянын The Guardian гезити 2021-жылы саякаттоого ылайыктуу өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, биринчилерден болуп ага Кыргызстанды киргизди.

Макаланын автору Кыргызстанды идеалдуу «стан» деп атады.

«Ковид мүмкүнчүлүк берсе, биз Кыргызстанга барабыз. Бул өлкө туристтер бузуп жетише элек идеалдуу жерде жайгашкан. Бишкек — заманбап шаар, ал эми айыл жергесинде салт-санаасын сактап жашаган көчмөндөргө жолукса болот. Кыргызстан — тамак-ашы даамдуу дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири», — деп жазат Минни Мартин аттуу окурман.

Кыргызстандан тышкары ал тизмеге Шотландия, Улуу Британия, Украина, Грузия жана башка өлкөлөр кирди.

The Guardian — Улуу Британияда күн сайын чыгуучу белгилүү гезит. Ал күнүнө 160 миңден ашуун нускада чыгарылат. Гезиттин онлайн версиясы да абдан атактуу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18