24.kg
12:57, 04 января 2021, 24.kg

Сот Алмазбек Атамбаевди абакта калтырды

Бүгүн, 4-январда, Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу Батукаев боюнча Атамбаевге чыккан өкүм жокко чыккандан кийин ал үй камагына чыгышы керектигин айтат.

«7-декабрда Биринчи май райондук сотунун судьясы жактоочулардын катышуусуз Атамбаевди УКМКнын абагында кармоо боюнча чечим чыгарган. Биз райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанганбыз. Бирок бүгүн шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду», — деди Жоошев.

Жактоочу, ошондой эле, Атамбаев жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап № 47 абакка которулганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18