24.kg
10:33, 01 января 2021, 24.kg

Январь айында кыргызстандыктар канча күн эс алары айтылды

2021-жылдын 3-майындагы эс алуу күнү 8-январга жылдырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

«Дем алыш күндөрүн ырааттуу бөлүштүрүү максатында беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик орган жана муниципалдык уюмдардын, мекеме, ишканалардын 3-майдагы эс алуусу 8-январь менен алмаштырылган. Себеби Эмгек кодекси боюнча 1-май ишембиге туура келгендиктен, 3-май, дүйшөмбү күнү да дем алыш болмок», — деп жазылган билдирүүдө.

Натыйжада кыргызстандыктар 1-2-3-январь жана 7-8-9-10-январь күндөрү эс алышат. Ал эми 4-5-6-январь иш күнү катары бекитилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18