24.kg
16:43, 30 декабря 2020, 24.kg

Түркмөнстанда калк сасык тумоого каршы жапырт эмдөөдөн өтүүдө

Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелер кызматкерлерин сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүнү талап кылышууда. Баш тарткандар жумуштан бошотулары эскертилди. Медицина кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, сасык тумоого каршы эмдөө алууга үгүттөп жүрүшөт.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, сасык тумоого каршы эмдөө бекер.

Түркмөнстанда октябрда да эл сасык тумоого каршы жапырт эмдөөдөн өткөн. Андан баш тарткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген.

Бул арада өлкөдө коронавирустун белгилери бар оору жайылып, өлүм көп катталып жатканы айтылууда.

Түркмөнстан бийлиги болсо өлкөдө коронавирус бар экенин мойнуна ала элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18