24.kg
14:39, 30 декабря 2020, 24.kg

Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу сунушу Тартип комиссиясына түштү

Башкы прокуратуранын Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш ишин козгоо тууралуу сунуштамасы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына келип түштү. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Сунуштама кечээ, 29-декабрда, жиберилген. Учурда ал материал таанышуу стадиясында турат, качан каралары азырынча белгисиз.

Буга чейин УКМК төрагасы маалымат жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жакында кармала турганын айткан. Ал үчүн Башкы прокуратура аркылуу Тартип комиссиясынын макулдугу сураларын белгилеген.

Атайын кызмат «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтууда.

Өз кезегинде Жогорку сот «Гүлбара Калиеванын аталган ишке тиешеси жок» деген билдирүү тараткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18