24.kg
11:58, 30 декабря 2020, 24.kg

Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Талапкер Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын штабынын маалымат кызматы билдирди.

Тагаевдин талапкерлигин кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

«Мен өз позициям менен эле өлкөнүн туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн кызмат кылуумду уланта бермекчимин. Бирок бүгүн саясий кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, чукул чечимдерди кабыл алууга туура келип жатат. Менин чечимимди түшүнүү менен кабыл аласыңар деп ишенем», — деди Тагаев.

Ал эми БШКдан талапкердин арызы карала электигин айтышты. Эске салсак, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого эми 17 талапкер катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18