24.kg
11:28, 30 декабря 2020, 24.kg

Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров кармалды

Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип, Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болгон.

«Бишкек асфальт сервис» ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Тагыраагы, жолдорду куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар маалында шектүүгө тааныштыгы бар компанияларга артыкчылык берилген", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында Амантуров колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес.

Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18