24.kg
10:47, 30 декабря 2020, 24.kg

Россия Кыргызстанга пенсияларды төлөөгө жардам берет

Москва Кыргызстанга каржылык көмөк катары 20 миллион доллар бермей болду. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматында, бул акча социалдык төлөмдөр үчүн кайтарымсыз негизде берилери көрсөтүлгөн.

«Орусия Кыргызстандын бюджетине колдоого, бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо системасын каржылоого акча бөлдү. Макулдашуунун долбоорун Кыргызстан жактырды, жакында кол коюлат», - деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан. Өкмөт андан кийин социалдык төлөмдөрдү убагында берүүнү убадалаган. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18