24.kg
10:36, 30 декабря 2020, 24.kg

Сокулукта сабалган алты жашар Рамазандын иши сотко өттү

Сокулукта сабалган алты жашар Рамазандын иши сотко өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Жактоочунун айтымында, Рамазандын абалы жакшы.

«Баланын апасы ага келе элек. Рамазан Нарында тайенеси менен жашайт. Иш сотко өткөрүлгөн, бирок, күнү белгилене элек», — дейт Шердор Абдыкапаров.

Эскерте кетсек, Сокулук районунда жашаган Рамазан өгөй атасы тарабынан катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бир нече күндөн кийин апасы күйөөсүнө каршы арызын кайтарып алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18