24.kg
10:11, 30 декабря 2020, 24.kg

Кыргызстанда Өзбекстан куруп берген дагы эки оорукана ачылды

29-декабрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда модулдук конструкциядагы эки жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын каржылык колдоосу менен Бишкектеги Улуттук госпиталдын аймагына 176 орундуу, Чүй облустук ооруканасынын аймагына 24 орундуу оорукана бир айга жетпеген убакыттын ичинде курулуп, экөө тең медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалган.

Буга чейин Өзбекстандын каржылык колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 бейтапка ылайыкташкан оорукана курулган.

Мындан тышкары коронавирус пандемиясы башталгандан бери Өзбекстан Кыргызстанга илдетке каршы күрөшүү үчүн бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18