24.kg
17:40, 29 декабря 2020, 24.kg

ЕБ өлкөлөрүндө коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө жекшемби күндөн тартып коронавируска каршы калкты Pfizer жана BioNTech компанияларынын вакцинасы менен жапырт эмдөө башталды.

«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, эмдөөдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга, анын ичинде улгайган адамдарга артыкчылык берилет. Германия, Франция, Австрия, Италия, Испания жана Болгария эмдөө иштерин жекшемби күндөрү баштаса, Бельгия менен Люксембургда 28-декабрда, Нидерландда 8-январда башталат деп күтүлүүдө.

Буга чейин Pfizer жана BioNTech компаниялары жыл соңуна чейин ЕБге 12,5 миллион доза вакцина жеткирүүгө даяр экенин билдиришкен.

Мурдараак Европанын дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө агенттиги бул вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аны жактырган.

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» вакцинасы колдонулууда. Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Израил эмдөөнү баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18