24.kg
17:15, 29 декабря 2020, 24.kg

Быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 49 адам жапа чеккен, алардын 11и балдар

2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 337 факты катталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 337 факты катталган.

«Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 25 жаран шектелип, 48 саатка камалган. Алардын ичинен Бишкекте 13, Чүйдө 5, Ысык-Көлдө бир, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир жана Баткен облусунда 4 жаран кармалган», — дейт ал.

Жогорку соттун маалыматы боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 71 иш келип түшкөн. Жалпы 49 адам жапа чеккен. Арасында 11 жашы жете элек бала.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18