24.kg
15:12, 29 декабря 2020, 24.kg

Президенттик шайлоо. Төрт талапкер кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

Президенттикке ат салышып жаткан төрт талапкер биригип жатканын билдиришти. Бүгүн Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канат Исаев жана Каныбек Иманалиев ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүштү.

Мадумаров чогулган талапкерлер «криминалдык күчтөрдүн жардамы менен бийликти бир кишинин колуна өткөрүп жаткан саясий күчтөрдүн мыйзамсыз иштерине каршы» жыйын өткөрүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодогу мыйзам бузуу фактысы боюнча Бишкектин Административдик сотуна доо арыз менен кайрылганын белгилешти.

Ажо болом деген топтун айтымында, премьер-министрдин милдетин убактылуу тапшырып берген Садыр Жапаров Конституциядагы бир катар нормаларды бузган. Алар Жапаровго карата чыккан соттун өкүмү боюнча чечимдердин мыйзамдуулугунан да күмөн санап жатканын айтышты.

«Биз амбицияларыбызды экинчи орунга коюп, мамлекет үчүн мыйзамсыздыкка каршы биригүүнү чечтик. Кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп жатат. Биздин эшик башка талапкерлерге да ачык», — деди Мадумаров.

Талапкерлер эми шайлоочулар менен чогуу жолушууларды өткөрө турганын маалымдашты. Эгер шайлоонун экинчи туру өтө турган болсо, анда бир талапкерди көрсөтүшмөкчү.

Меморандумга кол койгондор өлкөдө башаламандык уюштурбай турганын белгилешти. Бирок шайлоонун өтүшүнө жараша тынчтык митингдер жана нааразычылык акциялары уюштурулушу ыктымал экени айтылган.

Буга чейин Мадумаров менен Исаев БШК Жапаровду мыйзамсыз каттаганын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кайрылышкан. Бирок БШК баары мыйзам чегинде болгон деген жооп кайтарган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18