24.kg
10:02, 29 декабря 2020, 24.kg

Өзбекстанда электр энергиясы үчүн карыз 335 млн долларды түздү

Өзбекстанда электр энергиясына карыз 3,5 трлн сумду (335 млн доллар) түздү. Бул тууралуу «Аймактык электр түйүндөрү» компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жахонгир Обиджанов билдирди.

Аткаминердин айтымында, 1-декабрга карата физикалык жактардын карызы 2,34 трлн сумду (223 млн доллар) түзүп, эки ай мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 3,8 млн долларга азайган.

Жахонгир Обиджанов бул биллинг системасын натыйжасы экенин белгиледи.

Маалыматка караганда, электр энергиясы үчүн Самарканд облусунун карызы башка аймактарга салыштырмалуу көбүрөөк. Облус «Аймактык электр түйүндөрүнө» 655 млрд сум (62,5 млн доллар) бересе.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18