24.kg
14:38, 28 декабря 2020, 24.kg

Талант Мамытов электрондук кызмат көрсөтүүнү ыкчамдатып киргизүүнү талап кылды

«Мамлекеттин эң башкы милдети — жарандарга кызмат көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү», — деди президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 28-декабрда «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» конференциясында.

«Биринчи кезекте бул формат адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоет, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин аркасынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл», — деди Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу санарип технологиялар киргизилмейинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түйшүктөрдөн арылбастыгын кошумчалап, жетекчилерди чечкиндүү түрдө өздөрүнө жоопкерчиликти алууга чакырды.

Талант Мамытов белгилегендей, электрондук кызмат көрсөтүүлөр бардык жарандардын жашоосун бир кыйла жеңилдетет. Ал жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө абдан көңүл бурууну дагы бир жолу талап кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18