24.kg
13:27, 28 декабря 2020, 24.kg

Кара-Сууда мектеп курууда 24 миллион сомго чыгым келтирилген

Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө мамлекетке 24 миллион 209 миң 093,86 сомдук зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектептин курулушу «Акмат Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго келишим түзүлгөн. Имарат пайдаланууга 2019-жылдын 5-сентябрында берилген.

«Бирок райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен», — деп айтылат маалыматта.

Факты үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 320-беренесинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен райондук прокуратуранын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18