24.kg
15:22, 25 декабря 2020, 24.kg

2021-жылды чет өлкөдөгү мигранттарды колдоого багыттоо сунушталууда

2021-жылды «Мекендештерди колдоо жылы» деп жарыялоо демилгеси сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдында миграция, мекендештер жана чет мамлекеттердеги диаспоралар боюнча кеңешинин жетекчиси Медер Рахман «Парламент» радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, соңку 10 жыл аралыгында сыртта иштеп жүргөн мекендештер которгон акча каражаттары 19 миллард долларга жеткен.

«Ал эми ушул эле жылдар аралыгында тартылган инвестициялардын эсеби 8,3 млрд. долларды түздү. Мындай салыштырууларды көрүп, инвесторлорду башка мамлекеттердин жарандарынан эмес, ошол өз мекендештерибиздин арасынан издеп өстүрүп чыксак алда канча натыйжалуу болмок», — дейт Медер Рахман.

Анын маалыматында, учурда «Мекендештер — инвесторлор» ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлүп жатат.

«Алдыдагы 2021 — жылды миграциялык институтту бекемдөө үчүн «Мекендештерди колдоо жылы», — деп жарыялоо жагы сунушталууда», — деди Медер Рахман.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18