24.kg
13:35, 25 декабря 2020, 24.kg

COVID-19. Жаңы штаммдын киришине жол бербөөгө кандай чаралар көрүлдү

Мамлекеттик тармактык органдар аркылуу коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынууда. Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча Республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ошондой эле ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында тыгыз аракеттешүүсү тапшырылды.

Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18