24.kg
10:27, 25 декабря 2020, 24.kg

Өспүрүмдүн өлүмүнө айыпталып соттолгондордун туугандары митингге чыгышты

Бишкекте өспүрүмдүн өлүмүнө айыпталып соттолгондордун туугандары митингге чыгышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 14-октябрында 14-жашар бала көп кабаттуу үйдөн бой таштап каза тапты. Ал ошол күнү досу менен бирге соода түйүндөрүнүн биринен шоколад уурдап кармалып калган. Дүкөндүн кароолчулары балдардан ата-энесинин телефон номерлерин алып, өздөрүн кое беришкен. Балдардын үйүнө келип, экинчиси өз жанын кыйган.

Бактыбек Жумашевдин айтымында, кароолчуларга өлүмгө жеткирүү айыбы коюлуп, бири алты, экинчиси беш жылга соттолду.

Бүгүн соттолгондордун жакындары митингде дүкөндүн кароолчуларынын ишин калыс кароону талап кылышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18