24.kg
09:53, 25 декабря 2020, 24.kg

Өзбекстанда ала качууга туш болгон кыз машинеден түшө качып каза болду

Өзбекстанда ала качууга дуушар болгон кыз жүрүп бара жаткан автоунаадан түшө качып, каза болду.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя Наманган облусундагы Нарын районунда 20-декабрда катталган. 18 жана 23 жаштагы эки жигит 16 жаштагы кызды күч менен автоунаага салып, алып кетүүгө аракет кылышкан. Машине жүрүп бара жатканда кыз секирип түшүп, алган жараатынан улам каза болгон.

Маркум кыз курбулары менен бирге батирде жашап, университетке тапшырууга даярданып жатканы кабарланды. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Милициянын маалыматы машинедегилер маркум кызды кандай максатта ала качканы айтылган эмес. Бирок Борбор Азия жана Түндүк Кавказ элдеринде турмуш куруу максатында ала качуу өнөкөтү азыркыга чейин сакталып калган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18