24.kg
12:18, 23 декабря 2020, 24.kg

Башына пакет кийгизилип, буту таңылган кыргызстандыктын сөөгү Россияда табылды

Россиянын Ленинград облусунун Приозерск шаарында башына пакет кийгизилип, буттары байланган эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында россиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, сөөк табылганы тууралуу маалымат райондук полицияга 21-декабрда түшкөн. Жансыз дене үйдүн жер төлөсүнөн табылган.

Жерине барган полиция кызматкерлери 45 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгүн табышкан. Россиянын аймагында кран башкарып иштеп жүргөн кыргыз жараны дайынсыз жоголгон болчу.

Ал башынан жаракат алганы, буту байлануу болгону айтылат. Сөөк табылган жерден бутун байлаган ак жип жана ак пакет алынды.

Кылмышка шектелип 52 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18